«Манас Айылы» VIP шаарчасы

VIP шаарчасында турак-жайлардын ар кандай түрү сунушталат:
- 4 кабаттуу премиум класстагы үйлөр
- Таунхаустар (220 м2)
- Бир бөлмөлүү (50-55 м2), эки бөлмөлүү (65 м2) жана үч бөлмөлүү (107 м2 – 123 м2) батирлер
Планировкалар


VIP шаарчанын жашыл короосу балдар аянтчасы менен камсыздалып, Сиздин балаңызга убактысын жакшы өткөрүү үчүн шарт түзөт. “Манас айылынын” короо аймагы жабык болуп дайыма кайтаруу алдында. Муну менен вип-шаарчанын тургундарынын коопсуздугу кепилденет.
Бардык курулуштар жогорку сапаттагы материалдар менен жүргүзүлүп, уникалдуу архитектуралык образга ээ. Ал эми француз терезелери айлана-чөйрөгө мыкты көрүүнү сунуштайт. Жакын арада ыңгайлуу жашоо үчүн бардык зарыл инфраструктура жайгашат: мектеп, тарыхый комплекс, эс алуу аймактары.
Тынчтык, таза абада сейилдөө, эс алуу – булар “Манас айылы” VIP шаарчасынын эң башкы аныктамалары.